Mambetalieva Satkyn
Мамбеталиева Саткын Чолпонкуловна
“Кытай жомокторун кыргыз тилине которуудагы өзгөчөлүктөр» аттуу 10.02.20 – тектештирме-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илимиадистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын 31.05.2023-жылы ийгиликтүү жактаган
Квалификацияны жогорулатуу
- 2016-жылы Үрүмчү шаарында «Кытай тилин окутуунун методикасы» квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп, ошол эле жылы Сиань университети тарабынан уюштурулган «Университетте кытай тилин окутууда оозеки кепти өнүктүрүү» семинарына катышкан.
- 2018-жылы Пекин чет тилдер университетинин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн.
- 2021-жылы Ханьбан штабы тарабынан уюштурулган онлайн тренингге, ошондой эле Синьцзян университетинин “Кытай тилин онлайн окутуу” семинарына катышкан.
Сыйлыктар жана жетишкендиктер
- 2011, 2018-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2017-жылы Бишкек гуманитардык-укуктук колледжинин Ардак грамотасы менен, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
- Мамбеталиева Саткын 2012-2013-жж. “XXI кылымдын кадрлары” конкурсунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен комиссар, эксперт болуп дайындалган.
- 2012-2013-жж. Конфуций институту уюштурган “Кытай тили – достук көпүрөсү” сынагында комиссиянын мүчөсү болуп катышкан.
- 2016-2018-жж. жана 2021-жылы Борбордук Азия эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзаменинде комиссиянын мүчөсү катары бекитилген.
- 2017-2018-жж. “Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алуу” конкурсунда Кыргыз Республикасынын Министрлигинин буйругу менен эксперт болуп дайындалган.
- 2017-2021-жж. Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетиндеги бүтүрүүчүлөрүнүн квалификациялык иштерине рецензент болуп дайындалган.
- 2017-2021-жж. Кыргызстан эл аралык университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзаменинде комиссиянын мүчөсү катары бекитилген.
- 2018-2019-жж. Мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасында комиссиянын мүчөсү.
- 2018-жылы “Кыргызстан эл аралык университети” окуу-илимий-ѳндүрүштүк комплексинин тарабынан уюштурулган «Мыкты мугалим» сынагынын жеңүүчүсү болгон.